Бензема расмий түрдө “Аль-Иттихад”  клубуна өттү

Автор

Франциялык чабуулчу Карим Бензема “Реал Мадрид” клубунан  “Аль Иттихадка” өттү. Сауд Арабия клубу Бенземаны өз оюнчусу катары тааныштырды.

“Аль-Иттихад” клубу  Карим Бензема менен келишим түзгөнүн жарыялады. Келишим 2026-жылдын жай айына чейин жарактуу.

Карим Бензема 2009-жылдан бери “Реал Мадрид”  клубунда ойноп келди. Шейшембиде 2022-жылдын мыкты оюнчусу Реал Мадрид менен коштошуп, кечинде “Аль Иттихаддын” оюнчусу катары тааныштырылды.

Белгилей кетсек, Карим Бензема “Реалдын” курамында 648 оюнга катышып, 354 гол киргизген. Бензема беш жолу Чемпиондор Лигасын жана Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңип, төрт жолу Испаниянын чемпиону болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Херсон облусунун суу каптаган райондорунда тургундарды чатырчалардан чыгарууда

Херсон шаарынын Холая Пристань шаарынын администрациясы суу каптаган аймактардан калкты эвакуациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Облустун өкмөтүнүн төрагасы Андрей Алексеенконун айтымында кечке жуук суу кескин көтөрүлө баштаган. Күндүз үйдөн чыгар чыкпасын ойлонгон шаар тургундарынын көбү кечке маал үмүтсүз абалда калышты. Андрей Алексеенконун айтымында, аларды чатырчалардан чыгарууга туура келди. Кыйын кырдаалга […]

Сизге жагышы мүмкүн