Дүйнөнүн эң мыкты футбол академиялары аталды

Автор

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борборунун (CIES) эксперттери дүйнөдөгү футбол чемпионаттарындагы абалды талдап, “Барселона” менен “Реал Мадриддин” окуучулары эң көп суроо-талапка ээ деген тыянакка келишти.
Дүйнө жүзү боюнча 60 футбол лигасында жүргүзүлгөн байкоолордо 101 оюнчунун “Барселона” менен “Реал Мадриддин” академиясынын диплому бар экени аныкталган.
Мында 15 жаштан 21 жашка чейин бул академияларда үч жылдан кем эмес билим алган футболчулар эске алынган.
Дүйнөдөгү эң мыкты академиялары бар 10 клубдун катарына бир катар белгилүү командалар кирди: ПСЖ (75 оюнчу), Лион (69), Манчестер Юнайтед (60), Ман Сити (57), Вильярреал (56), ” Арсенал” (54). Валенсия (54) жана Бавария (54).
Испан футболунун эки гиганты Реал Мадрид жана Барселона бул жылы Европа чемпиондугун жеңүүнү максат кылууда. Эгерде Ла Лигада королдук команданын кубокту алуу ыктымалы жогору болсо, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында командалардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей болууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Нооруз – “Жаңы күн” майрамы

Нооруз — аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп […]

Сизге жагышы мүмкүн