2024-жылкы “Алтын топ” сыйлыгынын баштапкы рейтинги жарыяланды

Автор

Популярдуу Goal интернет-порталы 2024-жылдагы “Алтын топтун” фавориттеринин жаңыланган рейтингин жарыялады.
Алдыңкы үчтүктө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Рейтингди “Реалдын” жана Англия курамасынын жарым коргоочусу Жуд Беллингем жетектейт. 2023/24 сезонунда ал 21 гол киргизип, 11 пас берип, Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.
Андан кийин “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе жана “Манчестер Ситиден” Эрлинг Холанд.
Криштиану Роналду менен Лионель Месси эң мыкты 20 фавориттин катарына киргени кызыктырууда. Португалиялык футболчу 17-орунда, аргентиналык 20-орунда турат. Эске салсак, Месси сегиз жолу, ал эми Роналду беш жолу “Алтын топту” алган.
2024-жылкы “Алтын топко” эң мыкты 20 талапкер төмөнкүдөй:

1. Жуд Беллингем (Реал Мадрид)

2. Килиан Мбаппе (ПСЖ)

3. Эрлинг Холанд (Манчестер Сити)

4. Филипп Фоден (Манчестер Сити)

5. Родри (Манчестер Сити)

6. Гарри Кейн (Бавария)

7. Мохамед Салах (Ливерпуль)

8. Винисиус Жуниор (Реал Мадрид)

9. Лаутаро Мартинес («Интер»)

10. Букайо Сака (Арсенал)

11. Вирджил ван Дейк («Ливерпуль»)

12. Антуан Гризманн (Атлетико Мадрид)

13. Жулиан Альварес (Манчестер Сити)

14. Бернардо Силва (Манчестер Сити)

15. Деклан Райс (Арсенал)

16. Родриго (Реал Мадрид)

17. Криштиану Роналду (Аль-Наср)

18. Кевин Де Брюйне (Манчестер Сити)

19. Флориан Виртц (Леверкузен)

20. Лионель Месси («Интер Майами»).

Бөлүшүү:
Next Post

Нобель Тынчтык сыйлыгына 285 талапкер көрсөтүлдү

Норвегиянын Нобель институту күзүндө Норвегияда ыйгарыла турган быйылкы Нобель Тынчтык сыйлыгына 285 талапкер ат салышууда. Сыйлыкка 196 адам жана 89 уюм көрсөтүлгөн. 2023-жылы 351 талапкер катталып, рекорд 2016-жылы коюлган. Анда Тынчтык сыйлыгы үчүн 376 талапкер ат салышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн