Мектептерде күзгү каникул качан башталары айтылды

Автор

Жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 2023-жылдын 6-ноябрынан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө” № 4882/1 буйругу чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагы – өлкөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн