Бүгүн Бакен Кыдыкееванын чыгармачылыгына арналган конференция өтөт

Автор

Бүгүн, 20-октябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык мурасы» аттуу темада илимий-практикалык конференция өтөт.

Андан тышкары Бакен Кыдыкееванын баскан жолун баяндаган Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» спектакли даңазалуу актрисанын атын алып жүргөн жаш көрүүчүлөр театрында коюлат.

Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган бул спектаклде башкы ролду Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова ойнойт. Спектакль ошондой эле башкы ролду ойногон актрисанын 75 жылдык юбилейине да арналары айтылды. Коюлум саат 18:30да башталып, кирүү акысыз болот.

Даңазалуу театр жана кино актрисасы, СССР эл артисти Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (учурда Бишкек шаары) туулган. Быйыл актрисанын 100  жылдыгы белгиленип жатат.  Ага карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023- жылды жалпы түрк дүйнөсүндө «Бакен Кыдыкеева жылы» деп жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Египеттин менен Иордания Газадан келгендерди кабыл алуудан баш тартты

Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана Иорданиянын падышасы Абдулла II Израиль менен Хамас тобунун ортосундагы жаңжалдан улам палестиналыктардын Газа тилкесинен бул өлкөлөргө кетишине каршы экенин Бириккен Араб Эмираттарынын “The National” басылмасы билдирди. Басылма жетекчилер калкты Иорданияга же Египетке кууп чыгууга жасалган ар кандай аракетти четке кагышкандыгын ырасташканын жазды. Алар жаңжалдын […]

Сизге жагышы мүмкүн