Жеңиш күнүндө кандай иш-чаралар өтөт?

Автор

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
9-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле «солдат» боткосу жана майрамдык концерт уюштурулат. Борбор калаанын райондорунда, тактап айтканда, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программаны уюштуруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Мындан тышкары борбор калаадагы бардык билим берүү уюмдарында эсте каларлык датага байланыштуу ачык сабактар, сынактар жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Селден көз жумгандардын саны 95ке жетти

Бразилиянын түштүк аймагында суу ташкынынан каза болгондордун саны 95ке жетип, 372 адам жаракат алганын Рио-Гранде-ду-Сулот штатынын губернатору Эдуардо Лейте билдирди. 159 миң жергиликтүү тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, 131 адам дайынсыздардын тизмесинде. Апрель айынын аягында Бразилиянын Уругвай менен чектешкен түштүк штатында 1941-жылдан берки эң катуу жаан жааган. Жамгырдан улам […]

Сизге жагышы мүмкүн