Мбаппе төртүнчү жолу катары менен эң мыкты оюнчусу аталды

Автор

“Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе дагы бир жолу Франциянын “Жылдын мыкты футболчусу” наамын алды.

Сезон бүтөөрү менен париждиктер чемпиондукту камсыздап коюшту, ал эми Мбаппе 28 гол менен тизменин сап башында турат.  Жекшембиде ПСЖнын 24 жаштагы чабуулчусу төртүнчү жолу катары менен Лига 1дин эң мыкты оюнчусу аталды.

Белгилей кетчү нерсе, сыйлык  жетинчи жолу катары менен париждик үлкөндөрдүн өкүлдөрүнө ыйгарылат: Килиан Мбаппеге чейин аны Неймар, Эдинсон Кавани жана Златан Ибрагимович алган. ПСЖдан башка акыркы жеңүүчү 2014/15-жылы Александр Ляказетт болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. Имарат Кыргызстандын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси  менен курулууда. Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты. Ташиев өз […]

Сизге жагышы мүмкүн