Пара дзюдочулар Эл аралык мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Фердауза Убакирова (48 кг);
Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов (60 кг);
Маматибрагим Суранов (73 кг).
Байбол Саламат уулу коштоочу — машыктыруучу;
Айзада Жээналиева коштоочу — машыктыруучу.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз […]

Сизге жагышы мүмкүн