Нооруз – 2023: Көк бөрү оюну боюнча экинчи күндүн жыйынтыгы

Автор

Бишкек шаарынын Аккула ат майданында  Нооруз – 2023 элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин экинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн талаасында жогорку лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.

 

Экинчи күндүн жыйынтыгы:

 

“Теңир-Тоо” жана “Сары-Өзөн Чүй” 0:12 (40 жаш);

“Жалал-Абад” жана “Жети дубан”0:6 (40 жаш);

“Сары-Өзөн” жана “Ак-Шумкар” 15:9 (жогорку лига);

“Сары-Өзөн Бишкек” жана “Талас”1:10 (40 жаш);

“Ош шаары” жана “Суусамыр” 8:2 (40 жаш).

 

Бүгүн, 15-марттагы оюндардын тизмеси:

 

10:00-10:55 “Кетмен-төбө” жана “Аккула” (2-лига);

11:00-11:55 “Талас шаары” жана “Тянь-Шань” (2-лига);

12:00-12:55 “Сокулук” жана “Ак-Илбирс” (2-лига);

13:00-13:55 “Достук” жана “Мурас” (жогорку лига);

14:30-15:25 “Сары-Өзөн” жана “Ош шаары” (40 жаш);

15:30-16:25 “Талас” жана “Жети дубан”.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияга чогулган жардамдын көлөмү 104.3 млн сомдон ашты

Бүгүн, 15-март саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 104 млн 309 миң 903 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын […]

Сизге жагышы мүмкүн