Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунда 1-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Азия кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш 19-21-январь күндөрү БАЭнин Дубай шаарында өткөн.
Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын мүчөлөрү Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов биринчи орунду камсыздашкан. Курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Алматыда жер титирөөдөн 44 адам ооруканага кайрылды

Алматыда жер титирөөдөн жабыркаган 44 адам ооруканаларга кайрылды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Жабыркагандардын көбү башы айлануу, колу-бутун дубалга же үй буюмдарына уруп алуу сыяктуу жаракаттар менен кайрылышкан. Алардын 10у жаш бала болсо, 34ү чоң кишилер болгон. Терезеден секирип кетип, жаракат алган үч чоң киши ооруканага жаткырылып, калганы […]

Сизге жагышы мүмкүн