УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

Автор

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Имарат Кыргызстандын президенти – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси  менен курулууда.

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Ташиев өз сөзүндө мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакында жылдыздар көрүнбөй калабы?

Окумуштуулардын айтымында, жакынкы 20 жылда адамдарга жарыктын булганышы көбөйүп бараткандыктан, жылдыздарды көрүү мүмкүн болбой калат. Жылдыздардан келген жарык атмосферанын төмөнкү катмарында чачырап турат. Бул чоң шаарларда аларды байкоону бир топ кыйындатат. Жарыктын булгануусу көйгөйү светодиоддордун көбөйүшүнө байланыштуу курчуп баратат. Ансыз да Саманчынын жолун планетадагы жерлердин үчтөн биринен жөнөкөй көз менен […]

Сизге жагышы мүмкүн