Мавзолейге кол салууда бир адам көз жумду

Автор

13-августта Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарында теракт болуп, жергиликтүүлөр ыйык деп эсептеген Шах-Черах мавзолейине белгисиз бирөө ок чыгарган. Окуяда бир адам курман болсо, жети киши жарадар болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салган киши мавзолейдин дарбазасында күзөтчүлөр менен кагылышуудан кийин адамдарга ок чыгарган.
Фарс провинциясынын губернаторунун орун басары Эсмаил Гезел Софла ал азыр камакта сурак берип жатканын билдирди.
Бул Шах-Черахтагы биринчи теракт эмес. Өткөн жылдын октябрь айында мавзолейдеги теракттын кесепетинен 15 адам каза болуп, 40ка жакын адам жарадар болгон. Терактка тиешеси бар деген шек менен Иран бийлиги 26 кишини камакка алып, алардын айрымдары өлүм жазасына тартылган.

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ оюндары: Кыргызстан медалдык эсеп боюнча 7-орунга чыкты

Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады.  Оюнга  спорттун 20 түрүнөн 22 мамлекет катышты. Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барган. Кыргыз делегациясы бир алтын, сегиз күмүш, 18 коло медаль уткан. Жалгыз башкы байгени кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева багындырды. Натыйжада Кыргызстан 27 медаль […]

Сизге жагышы мүмкүн