Остин Украинага 100 миллион доллар бөлөөрүн билдирди

Автор

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага кошумча 100 миллион долларлык аскерий жардам пакетин бөлөөрүн жарыялады. Анын ичинде танкка каршы куралдар жана абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар бар.
Ллойд Остин Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады.
Владимир Зеленский Ллойд Остин менен жолугушууда фронттогу кырдаал, артиллерия жана снаряддарды жеткирүү зарылчылыгы талкууланганын билдирди.
Пентагондун башчысы 20-ноябрда күтүүсүз сапар менен Украинанын борборуна келген.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто бир класста 70-80 бала окуп жаткан мектептер бар

Ош шаарындагы айрым мектептерде бир класста 70-80 окуучу окуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди. Эл өкүлү Ош шаарындагы айрым мектептерде бир класста 70-80 окуучу окуп жатканын айтып, курулушу башталып, бирок, бүтпөй турган мектептерди бүтүрүү керектигин белгиледи. “Бишкек, Ош шаарлары […]

Сизге жагышы мүмкүн