Байден Борбор Азия-АКШ саммитинде: Бул тарыхый учур деп ойлойм

Автор

АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йоркто өткөн “Борбор Азия жана Америка Кошмо Штаттары” мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышты.
“Сиздер менен биздин биринчи президенттик саммитибизде, ушул үстөлдүн тегерегинде отурган бардык президенттер  менен бирге болуу мен үчүн сыймык. Бул тарыхый учур деп эсептейм.  Биз Борбордук Азия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы көп жылдык тыгыз кызматташууга,  эгемендүүлүккө, көз карандысыздыкка жана аймактык бүтүндүккө болгон жалпы милдеттенмебизге негизделген кызматташтыкка багыт алып жатабыз.  Менимче, бул принциптер  болуп көрбөгөндөй маанилүү.  Бүгүн биз кызматташуубузду жаңы бийиктиктерге алып чыгып жатабыз. Биринчиден,  терроризмге каршы кызматташтыгыбызды, анын ичинде АКШнын Борбор Азиядагы коопсуздукту каржылоосун көбөйтүүнү күчөтүп жатабыз. Экинчиден, биз аймактык экономикалык байланыштарды чыңдап жатабыз.  Дипломатиялык ишмердүүлүгүбүздү толуктай турган жана өнүгүү үчүн жеке секторубузду жакшыраак байланыштырган жаңы бизнес платформа түзүп жатабыз.
Ошондой эле  энергетикалык коопсуздугубузду жана келерки жылдарга жеткирүү чынжырыбызды бекемдөө үчүн минералдык ресурстар боюнча жаңы диалогдун потенциалын талкуулайбыз.
Үчүнчүдөн, биз майыптардын укуктарын коргоо боюнча жаңы демилгени көтөрүп жатабыз.
Бардыгыңыздарга бүгүнкү жемиштүү сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдиргим келет.  Келечекте мындан да көп нерсеге жетишүү үчүн баарыңар менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөм”,-деди Байден.
Саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон,  Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент Мадумаров боюнча  депутаттык комиссия түзгөн жок

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калды. Депутаттык комиссиянын түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн