КМШ оюндары: Кыргызстан медалдык эсеп боюнча 7-орунга чыкты

Автор

Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады.  Оюнга  спорттун 20 түрүнөн 22 мамлекет катышты. Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барган.

Кыргыз делегациясы бир алтын, сегиз күмүш, 18 коло медаль уткан. Жалгыз башкы байгени кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева багындырды.

Натыйжада Кыргызстан 27 медаль менен  жетинчи орунду ээледи. Тажикстан сегизинчи орунга илинген.

Алдыңкы үчтүккө Россия – 288 медаль, Беларусь (236) жана Өзбекстан (106) менен чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоо  боюнча 3,2 млрд сомго насыя берилди

Кыргызстанда  “Айыл чарбасын каржылоо – 11”  программасынын алкагында дыйкандарга 3,2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Өсүмдүк чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 842 млн 518 миң сомго 2008 насыя берилген, анын ичинен: “Айыл Банк” аркылуу  474 млн 273 миң сомго 1106 насыя; “РСК Банк” […]

Сизге жагышы мүмкүн