Лениндин мавзолейин өрттөөгө аракет кылды

Автор

17-июль күнү кечинде Москвада бир адам Кызыл аянттагы Лениндин мавзолейине күйүүчү суюктук куюлган бөтөлкө ыргытканын Baza жана Shot телеграм каналдары жазып чыгышты. Ал адамды полиция кармаган.

Baza билдиргендей, кармалган адам Чита шаарынан келген 37 жаштагы Константин Стачуков болгон. Бул аракеттер тууралуу азырынча маалымат жок. Мавзолей зыянга учураган эмес. Бөтөлкө жолдун четине түшкөн.

Бул кишиге карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени кабарланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Forbes эң күчтүү жана алсыз валюталарды атады

Forbes журналы дүйнөдөгү эң күчтүү жана алсыз валюталарды талдады. Рейтинг чет элдик валютанын АКШ долларына карата курсунун негизинде түзүлдү. Улуттук банктын сайтындагы маалыматтардын негизинде төмөндөгү валюталардын сомго карата расмий курстарын тизмеге киргизебиз. 10 күчтүү валюталар: Кувейт динары (1 KWD = 286,9974 сом); Бахрейн динары (1 BHD = 233,13 сом); Оман […]

Сизге жагышы мүмкүн