Палестинаны колдогон демонстранттар Капитолийге чабуул коюшту

Автор

Палестинаны колдогон демонстранттар Газа тилкесинде ок атышпоо талабы менен Вашингтондогу АКШ Капитолийинин имаратын басып алышты. Жүздөгөн адамдар камакка алынганы кабарланды. Шаршемби күнү Палестинаны колдогон демонстранттар чогулуп, жүздөгөн адамдар Израиль менен Хамас ортосунда ок атышууну токтотууну талап кылышты. Капитолий полициясы Твиттерде демонстранттарды токтотууга чакырып, алар баш ийбегенден кийин, аларды камакка ала башташкан.
Полициянын билдиришинче, 300дөй демонстрант камакка алынган, анын ичинде кеминде үчөө акция маалында полиция кызматкерине кол салганга айыпталган. Митингчилер Капитолийден чыгарылып кеткени кийин белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 19-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.25 сомдон  болсо, сатуу  89.37 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.32 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн