Эки бутунан ажыраган жоокер Эверестти багындырууну чечти

Автор

Афганистанда бутунан ажыраган британ армиясынын мурдагы жоокери дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверестти багындырууну чечти.
2010-жылы Афганистанда кызмат өтөп жүргөндө 43 жаштагы Гари Будха Магар колго жасалган жардыргыч затты басып, эки бутунан ажырап калган. Ал өзүнүн алдына 8849 метр бийиктиктеги Эверестке чыгууну максат кылган. Магар бул процесстин биринчи этабын аяктап, эс алуу жана тынчыраак аба ырайы бар базалык лагерге кайтып келди.
Шарт түзүлөөрү менен башкы гид Криш Тапа жана анын командасы менен Эверестке биринчи жеткен адам болуу үмүтү менен кайрадан бийиктикти багындырууга аракет кылат.
Көтөрүлүү беш-жети күнгө созулат деп күтүлүүдө. Команда Эвересттин базалык лагеринде 5364 метр бийиктиктен чокуга чейин үшүк менен күрөшүп, муз үстүндө тик чыгууну багындырышы керек.
Британдык Гари Магар жаракатынан айыгып кетүүгө жардам берген беш кайрымдуулук уюмунан каражат чогултууда. Ал 884,9 миң фунт чогултууга ниеттенүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

23-майдын аба ырайы

23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,   Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,   Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн