Forbes эң күчтүү жана алсыз валюталарды атады

Автор

Forbes журналы дүйнөдөгү эң күчтүү жана алсыз валюталарды талдады. Рейтинг чет элдик валютанын АКШ долларына карата курсунун негизинде түзүлдү. Улуттук банктын сайтындагы маалыматтардын негизинде төмөндөгү валюталардын сомго карата расмий курстарын тизмеге киргизебиз.

10 күчтүү валюталар:

  1. Кувейт динары (1 KWD = 286,9974 сом);
  2. Бахрейн динары (1 BHD = 233,13 сом);
  3. Оман риалы (1 ОМR = 228,23 сом);
  4. Иордания динары (1 JOD = 123,88 сом);
  5. Британ фунт стерлинги (1 GBP = 115,31 сом);
  6. Гибралтар фунту (1 GIP = 112,29 сом);
  7. Кайман аралдары доллары (1 KYD = 105,46 сом);
  8. Швейцариялык франкы (1 CHF = 102,34 сом);
  9. Евро (1 EUR = 98,69 сом);
  10. АКШ доллары (1 USD = 87,87 сом).

10 алсыз валюталар:

  1. Иран риалы (10 IRR = 0,0209 сом);
  2. Вьетнам донгу (10 VND = 0,037 сом);
  3. Лаос кипи (10 LAK = 0,046 сом);
  4. Сьерра-Леоне валютасы (10 SLL = 0,045 сом);
  5. Индонезия рупиясы (10 IDR = 0,059 сом);
  6. Ливан фунту (10 LBP = 0,059 сом);
  7. Өзбек суму (10 UZS = 0,076 сом);
  8. Гвинея франкы (10 GNF = 0,10 сом);
  9. Парагвайлык гуарани (10 PYG = 0,12 сом);
  10. Уганда шиллинги (10 UGX = 0,24 сом).
Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жаан жаайт : 21-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 21-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө […]

Сизге жагышы мүмкүн