Кыргызстан менен Монголиянын соода жүгүртүүсү 2,8 млн долларды түздү

Автор

2022-жылы Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 2,8 млн  долларды түздү. Ал эми Кыргызстандын Монголияга экспорттук ташуулары 2,4 млн долларды түздү.  Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Негизги экспорттук позицияны дан эгиндеринен, ундан, крахмалдан же сүттөн даярдалган даяр азыктар, 729,1 миң долларга ундан жасалган кондитердик азыктар түзгөн. Андан кийинки орунда кант жана кондитердик азыктар (110,6 миң доллар), жемиштер (163,2 миң доллар), жашылчалар (85,3 миң доллар) жана жашылча, мөмө-жемиш жана жаңгактарды кайра иштетүү (51,1 миң доллар) болду.

2023-жылдын сегиз айында жүгүртүү көрсөткүчтөрү бир аз төмөндөгөн: жалпы жүгүртүү 624,9 миң долларды, экспорттук берүүлөр 445,8 миң долларды түзгөн. Бул мезгилде эң көп суроо-талап жашылча-жемиштерден даярдалган азыктарга (303,3 миң доллар), ошондой эле кант жана кондитердик азыктарга (69,4 миң доллар) туура келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирлан Самыйкожо: “Желекке, мамлекеттин ыйыгына тийбейли!”

Жогорку Кеңеште мамлекеттик желек маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 25-октябрдагы жалпы жыйында депутат Мирлан Самыйкожо айтып чыкты. “Бүгүн коомчулукта желекти өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Айрыкча соцтармакта элдин көпчүлүгү буга каршы болууда. Биз желектен башка  маселеге өтпөйлүбү? Желекке, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле койбойлубу! 30 жылдан бери мамлекеттин эн тамгасына […]

Сизге жагышы мүмкүн