Мирлан Самыйкожо: “Желекке, мамлекеттин ыйыгына тийбейли!”

Автор

Жогорку Кеңеште мамлекеттик желек маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 25-октябрдагы жалпы жыйында депутат Мирлан Самыйкожо айтып чыкты.

“Бүгүн коомчулукта желекти өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Айрыкча соцтармакта элдин көпчүлүгү буга каршы болууда. Биз желектен башка  маселеге өтпөйлүбү? Желекке, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле койбойлубу!

30 жылдан бери мамлекеттин эн тамгасына айланып келген желегибиз бул – Күндүн нуру! Бул коломто дегенди билдирет. Кыргызда коломтоң өчпөсүн, отуң өчпөсүн деген сөз бар”, – деп айтты.

Андан кийин депуттар бул маселени кийин карай турган болуп тартышууну токтотушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Атазов Олимпиадага даярдануу боюнча коңгуроо какты

2024-жылдагы Париж Олимпиадасына даярдык боюнча  парламенттин бүгүнкү, 25-октябрдагы жалпы жыйынында депутат  Шайлообек Атазов коңгуроо какты. Эл өкүлү “ Келээрки 2024-жылы Париж Олимпиадасы өтөт. Бул дүйнөлүк иш-чарага байланыштуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги келип, угуу өткөрсөк. Бюджетке киргизүү боюнча бардык депутаттардын сунуштары бар. Бардык министрликтерге жакшы каражат каралып, маданият, […]

Сизге жагышы мүмкүн