Дүйнөлүк Банктан Энергетикага 200 млн доллар

Автор

Дүйнөлүк Банк Камбар-Ата ГЭСи үчүн дагы 200 млн доллар каражат бөлдү. Ал гранттык каражат Камбар-Ата-1 (КА-1) ГЭСинин техникалык экономикалык негиздемесин жаңылап, иштеп чыгууга жумшалат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, Дүйнөлүк Банк 2014-жылы да 200 млн доллар бөлгөн.

Эскерте кетүүчү жагдай, аталган гранттык каражат Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралып, анда депутат Адахан Мадумаров Кыргызстанга келген каражаттар максатсыз пайдаланылып жаткандыгын айтып, каршылыгын билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алабы?

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карайт. Парламент 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан. Мындан улам “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн