Оштун мэриясы социалдык дүкөндөрдү ижарага берет (даректер)

Автор

Ош шаарынын мэриясы социалдык дүкөндөрдү иштетем деген ишкерлерди жеңилдетилген ижара шартында иштетүүгө конкурска катышууга чакырат.  Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, ижара акысы ар бир социалдык дүкөнгө айына 2.7 миң сомду түзөт.

Дүкөндөр төмөндөгү даректерде курулган:

 

Р.Абдыкадыров 143;

Мамыров көчөсү (ориентир Фархад чайканасы);

Кулатов кичи району, Ак-Ниет сквери;

Төлөнөв көчөсү (ориентир Т.Сатылганов мектеби);

Манас-Ата кичи району (ориентир Манас Ата мечити);

Туран кичи району (Дача участогу);

Кеңеш айылы (Ош-Араван жолунун бою).

 

Социалдык дүкөндөрдө сатууга сунушталган социалдык маанидеги азык-түлүк товарлар:

 

ун жана ун азыктары;

кум шекер;

эт жана эт азыктары;

сүт жана сүт азыктары;

өсүмдүк майы;

жумуртка;

жаңы тоңдурулган балык;

крупа.

Бөлүшүү:
Next Post

Адамдын органдарына окшош жемиштер жана алардын пайдалуулугу

Адамдын органдарына окшош жемиштер жана алардын пайдалуулугу. Мээ жана жаңгак Чынында эле, жаңгак омега-3 май кислоталарына бай, алар адамдын мээсинин жакшы иштешине жардам берет.  Сабиз жана көз Сабизге бай бета-каротин чоңойгондо сокурдукка алып келген макулярдык дегенерациядан сактанууга жардам берет. Помидор жана жүрөк Кесилген помидор денебиздин негизги насосуна – жүрөккө абдан […]

Сизге жагышы мүмкүн