Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасында 2-орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында  өттү.

Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнистан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышты. Курама командалар өз ара айлампада ойношту. Жыйынтыгында Иран курама командасы 16 упай менен 1-орунду ээледи. Улуттук курама команда 15 упай менен 2-орунду, ал эми Монголиянын курама командасы 11 упай менен 3-орунду ээледи.

Мындан сырткары спортчуларга атайын наамдар ыйгарылды:

— “Мыкты тосмочу” наамы Роман Шилов (Кыргызстан);

— “Мыкты тосмочу” наамы Азизбек Кучкоров (Өзбекстан);

— “Мыкты коргоочу” наамы Кутман Абсатаров (Кыргызстан);

— “Мыкты каршы чабуулчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);

— “Эң баалуу оюнчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);

— “Эн мыкты оюнчу” наамы Хоссейинитолоути Сейедматин (Иран);

— “Эң мыкты оюнчу” наамы Гантулга Ценд-Аюш (Монголия).

Бөлүшүү:
Next Post

Аялдар армияда кызмат өтөөрү жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Армениянын парламенти дүйшөмбү күнү кезексиз жыйынында аялдарды ыктыярдуу түрдө аскердик кызматка чакыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун 107 депутаттын 64ү колдоду.  Мыйзамдын текстине ылайык, 18 жаштан 27 жашка чейинки кыз-келиндер алты айлык милдеттүү түрдө кызмат өтөй алышат.  Алар жыл сайын 1-март жана 1-октябрга чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн