Кыргыз калысы Нурдин Букуев Гиннес китебине кирди

Автор

Кыргызстандык футзал калысы Нурдин Букаев  Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд койгон. Азырынча мындай көрсөткүчкө жеткен алгачкы рефери болуп саналат.

Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары бар. Гиннес сертификаты 21-ноябрда тапшырылат.

Эске салсак, кыргызстандык адис карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болгон. Бүгүнкү күндө Букуев Кыргыз футбол союзунун баш катчысы болуп эмгектенет. Даңк медалынын ээси.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев: Казакстан Россияга каршы эмес

Президент Касым-Жомарт Токаев Германияга болгон расмий сапарынын алкагында «Казинформ» агенттигине берген маегинде Казакстандын Россияга каршы санкциялык саясаты боюнча позициясын билдирди. «Казакстан Россияга каршы эмес, биз дүйнөдөгү эң узун чек ара бириктирген Россия менен толук кандуу кызматташууга бекем чечкиндүүбүз. Санкцияларга келсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жакында болгон сессиясында жана башка […]

Сизге жагышы мүмкүн