Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Азия чемпионатында 7 медаль утту

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медал утту.

Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өтүп, анда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге жеңди.

Алтын медаль:

Акжол Махмудов (77 кг);

Жоламан Шаршенбеков (60 кг);

Акылбек Талантбеков (82 кг).

 

Күмүш медаль:

Үзүр Жузупбеков 97 кг.

 

Коло медаль:

Роман Ким (130 кг);

Раззак Бейшекеев (67 кг);

Адилхан Нурланбеков (72 кг).

 

Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунга илинди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жанар тоо атылып, конуштарды күл басты

Камчаткада Шивелуч жанар тоосу атылып баштады. Жакынкы аймактарды күл каптады. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышты. Жанар тоо шейшемби күнү эртең менен атылды. Усть-Камчатск облусунун тургундарына үйлөрүнөн чыкпоо сунушталып, аймакта мектептер жабылып, жол кыймылы токтоду. Шивелуч Камчаткадагы эң чоң вулкандардын бири. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн