Аялдар армияда кызмат өтөөрү жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Автор

Армениянын парламенти дүйшөмбү күнү кезексиз жыйынында аялдарды ыктыярдуу түрдө аскердик кызматка чакыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана акыркы окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорун 107 депутаттын 64ү колдоду.  Мыйзамдын текстине ылайык, 18 жаштан 27 жашка чейинки кыз-келиндер алты айлык милдеттүү түрдө кызмат өтөй алышат.  Алар жыл сайын 1-март жана 1-октябрга чейин арыз бериши керек, ал эми аялдар чакыруу күнүнө чейин кызмат кылуудан баш тарта алышат.
Алар окуу бөлүмүндө жарым жылдык кызмат өтөшөт. Бул үчүн аялдар батальону түзүлүүдө.  Алты айлык мөөнөт аяктагандан кийин аялдар беш жылдык келишимдик кызматка өтө алышарын  коргоо министри Сурен Папикян парламент жыйынында билдирди.
Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөрүндө аялдар келишим боюнча гана кызмат өтөшчү.

Бөлүшүү:
Next Post

"Тазалык" жумушчуларды издейт – айлыгы 38 миң сомго чейин

  «Тазалык» муниципалдык ишканасы жашылдандыруу жана жолдорду эксплуатациялоо бөлүмүнө жумушчуларды издейт. Мэриядан билдиришкендей, каалоочулар 0550 111 445 телефону аркылуу байланышса болот. Айлыгы – 35 миң – 38 миң сом. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн