Роналду Месси менен болгон атаандаштыгы аяктаганын айтты

Автор

Саудиялык «Аль-Наср» клубунда ойногон португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду аргентиналык атактуу  футболчу Лионель Мессини мындан ары атаандаш катары эсептебей турганын айтты. Футболчунун айтымында, учурда алардын ортосунда сый-урмат өкүм сүрүүдө.

“Мессини ким сүйсө, Роналдуну жек көрөт, ал эми Роналдуну сүйсө Мессини жек көрөт? Мен мындайды  көргөн жокмун, атаандаштык аяктады. Бул сонун болду, күйөрмандарга жакты. Экөөбүз тең мыктыбыз  жана футболдун тарыхын өзгөрттүк. Бизди дүйнө жүзү боюнча сыйлашат, бул эң негизгиси. Ал өз жолу менен барат, мен өз жолум менен кетем.

Биз футбол талаасында 15 жыл бөлүштүк жана акыры дос болбосок да кесиптеш бойдон калдык жана бири-бирибизди сыйлайбыз», – деди  Роналду

Бөлүшүү:
Next Post

Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелерди түрмөгө кесет

Пакистан балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерди түрмөгө кесет же айып пул салат.  Тиешелүү мыйзам Синд провинциясында кабыл алынган, ал өлкөдө сентябрдан тарта күчүнө кирет. Жаңы мыйзам Пакистандагы ар дайым жайылып кетүү коркунучу бар эндемикалык полиомиелитти жок кылуу үчүн кабыл алынган. Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер бир айга эркинен […]

Сизге жагышы мүмкүн