Кыргызстанда 5 жаңы кесип окутула баштайт

Автор

Эл аралык Ала-Тоо университетинин базасында Инновация жана IT медицина университети түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 18-июлда коллегияда билдирди.

Анын айтымында, бул жерде 5 жаңы кесип окутулат:

– климаттын өзгөрүшү;

– урбанизация;

– жасалма интеллект,

– логистика,

– IT-медицина

Иманалиев кесиптик башталгыч билим берүү тармагында биргелешкен кыргыз-орус, кыргыз-өзбек жана кыргыз-кытай лицейлерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлганын, 8 колледж Педагогикалык чеберчилик борбору деп таанылганын жана Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов Москва мамлекеттик университетинин борбору болорун, октябрь айында Россиянын президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу боюнча келишимге кол коюларын кошумчалады.

Министр 2024-жылы Кыргызстандын Билим берүү министрлигине 100 жыл болорун айтып, “Билим бардыгы үчүн – мүмкүнчүлүктөр бардыгы үчүн!” аталышындагы глобалдык форумун өткөрүү пландалып жатканын баса белгиледи.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Абанын температурасы бир аз төмөндөшү күтүлөт

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-июлдан 22-июлга чейин өлкө аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 20-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн