Жергиликтүү бийлик жаш кадрларды жумушка тартат

Автор

Кечээ губернаторлор, ректорлор жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери катышкан отчеттук жыйын болуп өттү. Ага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ректорлору менен баарлашып, «Ректорлор, жаш кадрларды мамлекеттик ишке аралаштырыңыздар, долбоорлорду жазышсын, консультант болушсун. Андан соң губернаторлор аларды жумушка тарткыла, борбордук органдарга да сунуш кылыңыздар. Ал үчүн буга губернаторлорду кызыктырып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, мыкты бүтүрүүчүлөрдү алып калууга стимул берүүнүн үстүндө ойлонуңуздар. ЖОЖдор чыгарган кадрлар башка жактарга кетип калбай облустун потенциалын жогорулатууга салым кошкондой болсун», — деди.
Отчеттук жыйынга келгендер 22-26-январь күндөрү семинарга да катышышат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун 2- окууда жактырды

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда да колдоо тапты. Бул мыйзамды министрлер кабинети жана президенттин администрациясы да колдой тургандыгы белгилүү болду. Аталган мыйзам долбоору Надира Нарматова тарабынан сунушталып, көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо тапкан. Ага […]

Сизге жагышы мүмкүн