Бир тууган Матраимовдор кылтакка илинип, Бишкекке алынып келинди

Автор

УКМК тарабынан издөөгө алынып, дареги Баку шаарында экендиги аныкталган бир тууган Матраимовдор Бишкек шаарына алынып келинди. Алар Искендер, Раимбек, Тилек жана Ислам Матраимовдор.
Раимбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө) боюнча кылмыш иши козголгон. Өткөн жумада УКМК Райымбек Матраимов Бакуда экенин жана аны кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ак шумкарлар” Тайбэй командасын 5:1 эсебинде жеңди

Бүгүн, 26-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңди. Оюндун учурда биринчи бөлүгү Кыргызстандын пайдасына 3:0 эсеби менен аяктады, 2-бөлүктө атаандаштар 1 топ, ал эми Ак шумкарлар дагы 2 топ киргизип алышты. Эскерте кетсек, […]

Сизге жагышы мүмкүн