Абанын температурасы бир аз төмөндөшү күтүлөт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-июлдан 22-июлга чейин өлкө аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

20-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +33…+35 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров АКШнын санкциясы боюнча түшүндүрмө берди

Министрлер кабинетинин жыйынынын алдында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШ администрациясы Кыргызстанга каршы экономикалык чараларды даярдап жатат деген маалыматка комментарий берди. «Казак тараптын айтымында, 2022-жылы бул товар (Кытайда жасалган учкучсуз түзүм) бизден келген. Биз алардан эч кандай далил ала элекпиз. Келечекте санкцияланган товарлар биздин чек арадан өтпөшү үчүн жана санкциялар […]

Сизге жагышы мүмкүн