Кыргызстанда кызамыктын 6 миңге жакын учуру катталды

Автор

Быйыл Кыргызстанда кызамык оорусуна шектелип 6228 учур катталып, анын 5894 учуру кызамык катары кабыл алынган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйында айтылды.
Республика боюнча 2023-жылдын 10 айында кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн вакцинанын биринчи дозасы менен камтылышы 76% түзсө, экинчи дозасы 76,5% түздү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын эмдөө жана профилактикалык иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Ит мурун иммунитетти көтөрөт

Ит мурундун курамында көп сандагы витамин С бар, ал иммундук системаны сактоодо маанилүү роль ойнойт. Витамин С вирустар жана бактериялар менен күрөшүүгө жардам берет, канды бекемдейт, жараатты айыктырат жана күчтүү антиоксидант болуп саналат. Ит мурундун курамында В тобундагы витаминдер, К витамини, Е жана А витаминдери бар, алар ден соолукту сактоо […]

Сизге жагышы мүмкүн