Айгүл Жапарова Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Wp Pw
0 0
Read Time:1 Minute, 5 Second

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу кыргыз-россиялык Аялдардын биринчи форумуна катышуусунун алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аялдардын күн тартиби боюнча пикир алмашты.

Валентина Матвиенко Айгүл Жапаровага бул Аялдардын форумуна катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Аялдар күнүн утурлай өтүп жаткандыгынын символикалуулугун белгиледи.

Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы форумдун өтө мазмундуу программасын баса белгилеп, бул иш-чаранын актуалдуулугун айтты. «Азыркы реалдуулукта коомдун турмушунда аялдын үнү жогору жетиш керек жана буга ар тараптан жардам берүү зарыл», -деди.

Биринчи айым Айгүл Жапарова Россия тарапка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Аялдар форумунун алкагында жетишилген макулдашуулар Кыргыз-Россия достугун мындан ары да чыңдап, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Мындан тышкары быйыл улуу планетардык масштабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси кеңири белгиленет.

Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап КМШ алкагында өтө турган көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган тематикалык иш-чараларга активдүү катышууга жана анын эмгектерин 2023-жыл КМШда эл аралык баарлашуунун тили катары орус тили жылы деп жарыялоонун алкагында орус тилин изилдөө аркылуу орус тилин жайылтууга даяр.

Биринчи айым Айгүл Жапарова Валентина Матвиенкону ага ыңгайлуу болгон каалаган учурда Кыргызстанга келүүгө чакырды.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Космос станциясын таштандылардан сактоо аракети көрүлдү

“Прогресс МС-22” жүк ташуучу кемеси Эл аралык космос станциясын космостук калдыктар менен кагылышуудан сактоо аракетин көрдү. “Эл аралык космос станциясынын орбитасы космостук калдыктар менен кагылышуудан сактануу үчүн “Прогресс МС-22″ жүк ташуучу унаасынын кыймылдаткычтары аркылуу жөнгө салынды”,-деп билдирди Роскосмос мамлекеттик корпорациясы. Белгиленгендей, Москва убактысы боюнча 15:42де кеменин кыймылдаткычтары иштетилип, 375,8 секунд […]