Бишкекте жаңы Жылуулук электр борборун куруу пландалууда

Автор

Бишкекте дагы бир Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорду иштеп чыгуу 2023-жылы башталган, учурда долбоор кол коюу алдында турат.
“Аталган жылуулук борбору Бишкекте көп жылдан бери иштебей турган “Айыл чарба машина куруу заводу” деген отказандын ордуна курулат. Ал болжол менен 100 МВт электр жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулукта болмокчу. ЖЭБ борбор калаанын батыш тарабындагы жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзгөндө жарым миллиард сомдук базар мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты […]

Сизге жагышы мүмкүн