Конституциясынын жаңы редакциясына шайлоочулардын 90,21 пайызы макул, 9,35 пайызы каршы добуш берди

Автор

30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясына шайлоочулардын 90,21 пайызы макул, 9,35 пайызы каршы добуш берген.
Өзбекстандын шайлоо участкаларында добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктады. Ага катталган 19 414 914 шайлоочунун 16 673 189у катышты.
Добуш берүүчүнүн 84,54 пайызы катышты.
Конституциялык реформа Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан демилгеленген. Өлкөнүн негизги мыйзамынын 65 пайыз беренесине өзгөртүүлөр киргизилет.
Өзгөртүүлөрдүн арасында Өзбекстандын президентинин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүү, республиканын жаранын башка мамлекетке өткөрүп берүүгө, өлүм жазасына тыюу салуу каралган.
Конституцияга 27 жаңы берене кошулуп, алардын саны 128ден 155ке чейин көбөйөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттын баласы колго түштү

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматованын Бажы кызматында иштеген уулу жемкордукка шектелип кылтакка илингени маалым болгондон кийин коомчулукта ар түрдүү пикирлер орун алууда. Айрымдары мындай кесепетти анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатышат. Аял киши болсо да, парламентте олуттуу маселелерди козгоп, жат көрүнүштөрдү сындаган активдүүлүгү бийлик тарапта кимдир бирөөлөрдү коркуттубу?  […]

Сизге жагышы мүмкүн