Килиан Мбаппе “Реал Мадрид” клубу менен келишим түздү

Автор

“ПСЖ” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе Мадриддин “Реал” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Marca басылмасы жар салды.
Атактуу спорт журналисти Рамон Альварес социалдык тармагындагы баракчасына “Килиан Мбаппе “Реал Мадрид” клубу менен келишим түзгөн. Иш бүттү”, – деп жазган.
Эске салсак, 16-февралда Килиан Мбаппе ПСЖнын президенти Насер Аль-Хелайфиге эмгек келишими аяктагандан кийин клубдан кетээрин кабарлаганы тууралуу маалымат тараган.
Мбаппе ПСЖда 2018-жылдан бери ойноп келет. Бул аралыкта ал бардык турнирлерде 290 беттешке катышып, анда 243 гол жана 105 пас берген. Футболчунун клуб менен учурдагы эмгек келишими 2024-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиялык журналист АКШ президентин маекке чакырды

Россиялык журналист Дмитрий Киселев “Россия 1” телеканалында АКШ президенти Жо Байден менен маек куруу өтүнүчүн жөнөткөнүн билдирди. Ал Владимир Путиндин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маегинен кийин өлкөлөр ортосундагы диалогду улантууну каалайт. Өтүнүч Вашингтондогу Ак сарайга жөнөтүлгөнүн айткан Киселев «Россиянын президенти Владимир Путин америкалык аудиторияга багытталган интервьюга макул болуу […]

Сизге жагышы мүмкүн