Мохамед Салах Африканын эң мыкты оюнчусу аталды

Автор

Англиялык “Ливерпуль” клубунун жана Египет курама командасынын чабуулчусу Мохамед Салах британиялык FourFourTwo журналы түзгөн Африка континентинин тарыхындагы эң мыкты футболчулардын рейтингинде биринчи орунга чыкты.
Тажрыйбалуу чабуулчусу дүйнөлүк футболдо өз изин калтырган африкалык 32 мыкты оюнчунун тизмесинде биринчи орунду ээледи. Африканын өкүлдөрү дүйнөлүк чемпионаттан баштап Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн чемпионаттарына чейин планетардык масштабдагы бардык турнирлерде ар дайым өзгөчөлөнүп келишкен. Ал эми бул мыкты футболчулардын тизмесинде Салахтын лидерлиги эч кимди таң калтырбайт. Ал азыр Ливерпулдун жана Египеттин курама командасынын флагманы болуп саналат, алар ушул күндөрү 2024-жылкы Африка Кубогунун башталышына даярданууда.
Мыктылар рейтингинде Мохамед Салахтан кийин италиялык «Милан» клубунун атактуу либериялык футболчусу, 1995-жылы «Алтын топту» алган жалгыз африкалык — Жорж Веа турат.

Африканын эң мыкты он оюнчулары:

1. Мохамед Салах (Египет)

2. Джордж Веа (Либерия)

3. Самуэль Это’О (Камерун)

4. Дидье Дрогба (Кот-д’Ивуар)

5. Яя Туре (Кот-д’Ивуар)

6. Садио Мане (Сенегал)

7. Рияд Махрез (Алжир)

8. Абеди Пеле (Гана)

9. Майкл Эссиен (Гана)

10. Джей Джей Окоча (Нигерия)

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда кабыл алынган токтомго ылайык, тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган болчу. Бишкек мэриясы тарифти жогорулатуу токтомуна эс алуу күндөрүнө байланыштуу кол коюу процедурасы бүтпөй калганын билдирди. Ал бекитилгенден 15 […]

Сизге жагышы мүмкүн