Россиялык журналист АКШ президентин маекке чакырды

Автор

Россиялык журналист Дмитрий Киселев “Россия 1” телеканалында АКШ президенти Жо Байден менен маек куруу өтүнүчүн жөнөткөнүн билдирди. Ал Владимир Путиндин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маегинен кийин өлкөлөр ортосундагы диалогду улантууну каалайт. Өтүнүч Вашингтондогу Ак сарайга жөнөтүлгөнүн айткан Киселев «Россиянын президенти Владимир Путин америкалык аудиторияга багытталган интервьюга макул болуу менен татыктуу үлгү калтырды деп ишенебиз»,-деди. Билдирүүдө аны бир катар чет тилдерге которууну каалап жатышканы айтылат.
Владимир Путиндин америкалык Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсон менен болгон маеги 9-февралда жарыяланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нурсултан Кеңешбеков жана Айнуска Калил кызы Тегеран шаарында (Иран) өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Нурсултан Кеңешбеков 1500 м аралыкты 3:49.10 секунд убакытта чуркап өтүп алтын медалга ээ болду. Ошондой эле, кыз-келиндер арасында катышып жаткан Айнуска Калил кызы 1500 […]

Сизге жагышы мүмкүн