Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланды

Автор

12-июнь күнү Казакстанда Абай районундагы токой өрттөнүп каза болгондор үчүн аза күтүү күнү жарыяланды. Астанада өлкөнүн башкы желеги жарым ылдый түшүрүлдү. 13-июнь саат 00:00гө чейин желек бул бийиктикте илинип турат.
Бир нече күндөн бери Казакстандын чыгышында токой өрттөнүп, кесепетинен 14 адам, «Семей Орманы» токой коругунун кызматкерлери каза болгон. Алардын эң кичүүсү август айында 25ке чыкмак, эң улуусу 63 жашта болмок. Бары эрдиги үчүн өлгөндөн кийин ордендер менен сыйланды. Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал болгон жерге келип, көз жумган токой чарбасынын кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтып, материалдык колдоо көрсөтүүнү убада кылды.
Башкы прокуратура Абай районундагы өрт фактысы боюнча эки кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

“Манчестер Сити” клубу Чемпиондор Лигасын жеңип алды

Англиялык «Манчестер Сити» италиялык «Интерди» утуп, тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болду. Чемпиондор Лигасынын 2022/23 сезонунун финалдык беттешинде “Манчестер Сити” клубу  “Интерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Беттештеги жалгыз голду жарым коргоочу Родри 68-мүнөттө киргизди. Оюн Стамбулдагы “Ататүрк Олимпиат” стадионунда өттү. “Манчестер Сити” өз тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын кубогуна […]

Сизге жагышы мүмкүн