Навальныйдын ишин жубайы Юлия Навальная улантмак болду

Автор

Орусияда абакта көз жумган оппозициячыл Алексей Навальныйдын ишин мындан ары анын жесири Юлия Навальная улантмак болду.
Ал кечээги кайрылуусунда “Путин карапайым Алексей Навальныйды өлтүргөн жок, ал муну менен бирге биздин үмүттү, биздин эркиндикти, биздин келечекти кошо өлтүрүүнү көздөгөн”,- деди.
Орус коомчулугун күйөөсү эңсеген эркин жашоого үндөп, согушка, коррупцияга, адилетсиздикке каршы биргеликте күрөшүүгө чакырык таштады.
Алексей Навальный 2021-жылы камакка алынып, “Ив Роше” иши боюнча алгач 9 жыл, 1 жылдан кийин кайра каралып, “экстремизмдик уюмду негиздеп, каржылаган” деген айып менен дагы 10 жыл кошп берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев ФИФА өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирет. Ал эми ФИФАдан жолугушууга спорттук уюмдун аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич жана ФИФАнын башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз катышты. Алар Кыргыз футбол союзунун президентин жана вице-президентин […]

Сизге жагышы мүмкүн