АКШ, Япония жана Түштүк Корея Түндүк Корея менен диалогго даяр экендиктерин билдиришти

Автор

АКШ, Япония жана Түштүк Корея үч тараптуу саммиттин жыйынтыгы боюнча Түндүк Корея менен алдын ала эч кандай шарт койбостон диалогду калыбына келтирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
18-августта АКШнын президенти Жо Байден Мэриленд штатындагы Кэмп-Дэвид шаарында Япониянын премьер-министри Фумио Кишида менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлды кабыл алды.
«Япония, Корея Республикасы жана АКШ КЭДР менен алдын ала эч кандай шарт койбостон диалогду кайра баштоого умтулушат», — деп айтылат үч өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө.
Билдирүүдө жыл сайын үч тараптуу аскердик машыгууларды өткөрүү жана 2023-жылдын аягына чейин Түндүк Кореянын ракета учуруусу боюнча реалдуу убакытта маалымат алмашуу милдеттенмеси камтылган. Тараптар ошондой эле жыл сайын үч тараптуу саммиттерди өткөрүүнү макулдашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров "Барселонанын" легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарында испаниялык “Барселона” клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.   Мамлекеттик башчысы “Азия легендалары” командасынын курамында оюн талаасына чыгат. Футболдук беттеш 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат.   Эске салсак, “Барселонанын” […]

Сизге жагышы мүмкүн