ИИМде алты жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду

Автор

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Ички иштер министрлигинде кечээ,  ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланган.

Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.

Эскерте кетсек, күн мурун УКМК Бишкек шаарында синтетикалык баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалгандыгын маалымдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Чүй облусунда жаңы окуу жылында жети мектеп ачылат

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси ачылат, алар:   Ысык-Ата районунун Логвиненский айылында 250 орундуу мектеп; Ново-Покровка айылында 225 орундуу мектеп; Ивановка айылында 150 орундуу […]

Сизге жагышы мүмкүн