Чүй облусунда жаңы окуу жылында жети мектеп ачылат

Автор

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси ачылат, алар:

 

Ысык-Ата районунун Логвиненский айылында 250 орундуу мектеп;

Ново-Покровка айылында 225 орундуу мектеп;

Ивановка айылында 150 орундуу мектеп;

Тогуз-Булак айылда 150 орундуу мектеп;

Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орундуу мектеп;

Сокулук районуна караштуу Мирный айылында 275 орундуу мектеп;

Жайыл районунун Сосновка айылында 225 орундуу мектеп.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия Түштүк Африкадан жаныбарларды алат

Россельхознадзор Түштүк Африка Республикасынан кесиптештери менен Россиянын Лимпопо жана Гаутенг провинцияларында жайгашкан Түштүк Африканын коруктарынан бегемот, пил, жираф, зебра, антилопа жана кериктерди зоопарктар үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого ниеттенүүдө. Россиянын эң ири зоопаркы Ярославлда жайгашкан. Экинчи орунда Ростов зоопаркы , үчүнчүдө Новосибирск зоопаркы , төртүнчүдө Москва зоопаркы турат. Жалпысынан Ярославл […]

Сизге жагышы мүмкүн