Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны14кө жетти

Автор

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 14кө жетти.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арыз бергендер сегиз киши. Алар — Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов, Илимбек Кубанычбеков, Руслан Маматов, Толкун Эргешов, Дамирбек Давлянов.
Ал эми Баткен шайлоо округунан Алимберди Бегматов, Кенеш Салихов, Бактыяр Калпаев, Максатбек Дыйканов, Бакытбек Шадыманов, Асылбек Мадалиев депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берген.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү

Бүгүн, 21-март көлдөй терең, көлдөй чалкыган акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Бул күнү акындар, чыгармачыл адамдар салттуу болуп калгандай акындын мүрзөсүндө эскерүү өткөрүшөт. Кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында көзү өткөн. Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, […]

Сизге жагышы мүмкүн