Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга соттолду

Автор

Кыргызстанда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп шектелген КР жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Жогорку соттун өкүмү менен кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Мамлекеттик чыккынчылык) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияга метеорит түштүбү

Түркиянын өлкөнүн түштүк-чыгышындагы беш аймагы  Диярбакыр, Малатия, Эрзурум, Элазыг жана Газиантептин жашоочулары атмосферада күйүп кеткен жаркыраган объект байкашты. Метеорит деп эсептелген нерселердин сүрөттөрү жарыяланууда.  Маалыматтарга караганда, объект Шанлыурфа провинциясына жакын жерге кулап, андан кийин катуу үн угулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн