Бүгүн Улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү

Автор

Бүгүн, 21-март көлдөй терең, көлдөй чалкыган акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Бул күнү акындар, чыгармачыл адамдар салттуу болуп калгандай акындын мүрзөсүндө эскерүү өткөрүшөт.
Кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында көзү өткөн. Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган.
Алыкул Осмоновдун лирикалары
ӨМҮРГӨ
Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.
Мива бактай жемишимен күбүлбөй
Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй,
Ай балалык, асыл нерсе экен го
Учкан куунун канатынын күчүндөй.
Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей,
Кери тарткан кербестикке жеңилбей,
Ай балалык, жыргал нерсе экен го
Карлыгачтын канатынын желиндей.
Жарым саат, кабак чытып кайгырбай,
Арамдыкка абийиримди алдырбай,
Өмүр деген – сергек нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.
Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген – дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.
Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын!
Алыкул
20/XI 1946, Чолпон-Ата.
КЫЛЫМДАР
Ай батат, жылдар өтөт, зуулдап бат-бат,
Жебедей кароолуна тийип шак-шак.
Түгөнгүс эртеңкинин эшиктерин
Китептин барагындай ачып шарт-шарт.
Жортуулдап жолдуу кайткан жигиттердей,
Өмүрлөр муңду тепсеп күлөт шат-шат.
Кылымдар кыз эскирткен шайыга окшоп,
Кайдадыр желп-желп этип жатат.
О кайда, мынча алкынып жулунасың,
Тоо-ташка азоо тайдай урунасың.
Соң-көлдүн колго түшпөс кундузундай
Жылтылдап кызыктырып кубуласың.
Кул болуп адамзаттын бийлиги үчүн,
Кош миздүү канжар болуп сууруласың.
Заманга тоскон тогуз өнөр жасап,
Жүзүндө кайра энеден тууласың.
29/I 1944 Койсары
АДАМГА
Адамды адам меймандап
сыйлайт экенсиң,
Жакын жолдош жорону
жыйнайт экенсиң.
Жакшы тилек ак ишти
кыйбайт экенсиң,
Жакшы коргон досуңду
кең дасторкон үстүндө
Ичкин муну жегин деп
Кыйнайт экенсиң.
Ошентсе да өмүргө
Сыйбайт экенсиң.
Кара жердин алдына
Бири-бирин жашырып
Ыйлайт экенсиң
БУЛ ТУРМУШТА
Бул турмушта нечен сонун издер бар
Бороон уруп, кар жааса да кетпеген.
Не бир укмуш, чебер – уста адамдар –
Миң тепкичтүү шаты коюп жетпеген.
Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир чечен, не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.
Бул турмушта нечен чоң-чоң издер бар,
Өрттөймүн деп, күн сынса да кетпеген.
Не бир баатыр, не бир канкор адамдар
Балта урса да, ордунан былк этпеген.
Мен да адаммын, мен дагы бир акынмын,
Билинбеген көп майданын бириндей.
Бул турмушка мен да изимди калтырдым,
Кичинекей, кудум шайтан
изиндей.
17/X 1948
Чолпон-Ата
КЫДЫР, БАКЫТ
Ар адамдын башына
Айланып кыдыр үч келет.
Дубана, касың, жолоочу
Ууру болуп кубулуп,
Билгениндей түрдөнөт.
Үйгө келген ким болсун,
Ырайым кылсаң көз карап,
Кызыр даарып өзүңдү,
Ырыска толот ар тарап.
Бакыттын өңү жыландай,
Бирок, такыр карабайт.
Кылчайып койсо кокустан,
Бакытка баткан жыргалды айт.
13/XI 1948
СҮЙҮҮ – КЫЯЛЫ
Сүйүү деген: келбет эмес, көрк эмес,
Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес.
Арбыныраак ысыгынан суугу,
Толкун эмес, бороон эмес, өрт эмес.
Мүнөзү жел, тең жүрө албайт, бөлүнөт,
Жүрөгү суу, көңүл калат, төгүлөт.
Сүйүү деген: арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыялы нерсе көрүнөт.
22/XII 1945 Койсары

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстанда бийлик алмашуу эмнеге кечеңдеп жатат?

Тажикистан Борбор Азиядагы акыркы 30 жылда бийлик алмашпаган жалгыз өлкө болуп саналат. Учурда баардыгы мураскердин атын эчактан эле билишет. Ал тактан түшпөй келаткан президенттин уулу Эмомали Рустам, азыр Сенатты жетектеп, өлкөдөгү экинчи адам деп белгилешет коомдук аналитиктер. Алардын айтымында, Рахмон 2016-жылы эле бийликти өткөрүп берүүгө даярдана баштаган. Биринчи кезекте президенттикке […]

Сизге жагышы мүмкүн