ХХII Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды

Автор

ХХII Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Өзбекстан, Казакстан, Россия, Иран, АКШ, Кытай жана Швециядан келген 1500ден ашык спортчу катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар спорттун 24 түрүнөн күч сынашууда: волейбол, кум үстүндөгү волейбол, кичи футбол, кум үстүндөгү футбол, кум үстүндөгү регби, баскетбол 3х3, кол күрөш, таяк тартыш, самбо, кум үстүндөгү күрөш, сумо, алыш белбоо күрөшү, кыргыз күрөшү, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, кум үстүндөгү бадминтон, гиря көтөрүү, дартс, сууда сүзүү, аркан тартыш, оордуктарды ташуу, бука тартыш, штанга көтөрүү.

Иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдрахманов жана Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын вице-президенти, профсоюздардын ыктыярдуу физкультура жана спорт коомунун Республикалык кеңешинин аткаруучу директору Владимир Лецкий катышты.

Мелдеш 17-сентябрда жыйынтыкталат

Бөлүшүү:
Next Post

437 жылда бир көрүнчү кометаны көрүүгө мүмкүнчүлүк болот

12синен 17-сентябрга  чейин Түндүк жарым шардын жашоочулары 2023-жылдын августунда ачылган Нишимура кометасын 437 жылда бир көрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Нишимура кометасы 17-сентябрда Күнгө эң жакын жерден өтүп, андан 33 миллион чакырым алыстыкта ​​болот.  Андан кийин ал Жердин жанынан 125 миллион чакырым аралыкта өтөт. Окумуштуулар аба ырайынын ыңгайлуу шарттарында асман объектисин […]

Сизге жагышы мүмкүн