Дональд Трамптын алтын кроссовкалары биринчи эле күнү сатылды

Автор

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Never Surronder кроссовкаларынын өзүнүн линиясын чыгарды. Презентация өткөн ишембиде Филадельфияда өттү.
Ишембинин кечинде баасы 399 доллар болгон кроссовкалардын баары сатылып кеткен.
Never Surender чектелген санда, болгону миң түгөй чыгарылды. Алардын ар бири өзүнүн уникалдуу номерине ээ жана он кроссовкада АКШнын экс-президентинин кол тамгасы бар. Бут кийимдин капталдарында Американын желеги жана “Т” белгиси бар. Бир кардарга эң көп дегенде үч жуп сатып алууга уруксат берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

20-февраль: Кар жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 20-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4, Ысык-Көл дубанында […]

Сизге жагышы мүмкүн