Зеленский согушта курман болгон аскерлердин жалпы санын айтты

Автор

Эки жылдан бери уланып жаткан согушта 31 миң украин жоокери курман болгонун президент Владимир Зеленский «Украина. 2024-жыл» аталышындагы форумдун алкагында өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал эки жыл бою согушта 180 миң россиялык аскер курман болгонун, жарадарлар менен бирге бул көрсөткүч 500 миң адамды түзөрүн кошумчалады.
Зеленский Украинанын тынчтык формуласы боюнча өлкө лидерлеринин биринчи саммити жазында, жакынкы айларда болорун баса белгиледи.
Украинанын тынчтык формуласы 1991-жылдагы чек ара боюнча бардык орус аскерлерин чыгарып кетүүнү, Россия Украинага компенсация төлөп берүүнү камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

“Кумтөр” ишканасынын былтыркы кирешеси 849 млн долларды түздү

2023-жылдагы ишмердүүлүгүнө таянып, Кумтөр Голд Компани» былтыркы кирешесин 849 млн долларды түздү деп билдирди. Тактап айтканда, 13 тонна 577 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми ишкананын жыл ичиндеги таза кирешеси 302,4 млн доллар. Өлкө казынасына салык жана башка төлөмдөр үчүн 17 млрд 241 млн 71 миң сом төгүлдү. Капиталдык салымдарынын өлчөмү […]

Сизге жагышы мүмкүн